7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аялдар үй иштерине күнүнө канча убакыт коротот?

643

Статистика комитети Кыргызстанда аялдар менен эркектер үй иштерине күнүнө канча убакыт кетиргенин эсептеп чыкты.

Өлкөдө үй жумуштары аялдар жасай турган иш катары гана каралат. Аялдар күнүнө үй иштерине орточо 4 саат 20 мүнөтүн коротот. Эркектерге караганда үй жумуштарына 5 эсе жана балдарды тарбиялоого 2,3 эсе көп убакыт кетирет.

Ошондой эле айыл жергесинде жана шаарда турган аялдардын үй жумуштарына бөлгөн убактысында чоң айырмачылык бар. Айылда жашагандар шаардагыларга салыштырмалуу 1,2 эсе көп убакыт сарптайт.

Таза абада сейилдөө, спорт менен машыгуу жана башка активдүү эс алууга кыз-келиндер жумасына болгону 1 саат 24 мүнөтүн жумшайт.

 

644