7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эскертүү! Милициянын формасын кийип, элди алдагандар пайда болду

551

Акыркы убактарда социалдык тармактарда жарандар видео кайрылууну активдүү бөлүшүп, анда Whatsapp мессенджери аркылуу болуп жаткан алдамчылык аракеттери тууралуу айтып жатышат.

Бишкек ШИИББнин маалыматына ылайык, диалог учурунда видео чалуу аркылуу өздөрүн укук коргоо кызматкерлерибиз деп тааныштырышат, эң эле кооптусу милиция кызматкеринин формасын кийип байланышка чыгат.

Буга байланыштуу, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун кыраакы болууга, эмоцияга алдырбоого жана негизги коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат:

— эч кандай шартта мындай адамдар менен диалогго барбоого;

-эгерде сүйлөшүү башталган болсо, анда сизге чалып жаткан кызматкердин жеке маалыматтарын текшерип, анан ал иштеген мекемеге телефон чалып коюңуз;

-белгисиз абоненттик номерлерди, анын ичинде чет өлкөлүк байланыш операторлоруна таандык номерлерди бөгөттөө.

-дароо 24 саат бою иштей турган 102 кыска номуруна чалыңыз.

 

 

 

552