УКМК тарабынан Талас райондук суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды.
Тактап айтканда, Коргоо министрлигинин бөлүктөрүнүн биринин аскер кызматкери К.А.Ж. Талас Райондук Суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары менен тил табышып алып, 2020-жылдын май айынан тарта 2023-жылдын ноябрына чейин Талас РСЧБнын кызматкери катары эмгек акыны мыйзамсыз алып, мамлекеттин бюджетине зыян келтирип келген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча кылмыш иши козголуп, Талас РСЧБнын мурдагы жетекчилери А.Д.С., Н.Н.Р. жана башка кызматкерлер тергөө иштерин жүргүзүү үчүн УКМКга жеткирилди.
Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.