7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жер ресурстары кызматынын Жалал-Абаддагы филиалынын директору кармалды

414

Коррупция фактысы боюнча Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары кызматынын Жалал-Абад шаардык филиалынын директору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Ал Чүй облусунун Москва районундагы жер ресурстары кызматынын филиалынын директорлук кызматын ээлеп турган учурда «жер мафиясынын» мүчөлөрү менен тил табышып алып, акчалай сыйлык алуу үчүн трансформациянын расмий жол-жобосунан өтпөгөн турак жай куруу үчүн жер участокторуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларга кол койгону жана бергени аныкталган.

Мындан тышкары, жер операцияларына катышуу жөнүндө маалыматы жок тараптарга жер тилкелерин жалган тариздөөдө (кайра тариздөө) фактылар аныкталган.

Иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен 11-мартта Р.Э.И. аттуу жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иш-чаралары уланууда.

 

415