7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жазында күүлүү-күчтүү жүрүш үчүн эмне кылуу керек?

646

Жаздын башталышы – дайыма респиратордук вирустук оорулардын мезгили. Бул учурда адамдын организми да өзгөрөт. Киши алсырап, ал тургай психологиялык жактан да жабыркайт.

Ушундай учурда организмди керектүү витаминдер менен азыктандыруу зарыл. Ал эми витаминдердин запасы канчалык аз болсо, иммунитет ошончолук алсырап тез-тез ооруй баштайбыз. Витамин жетишсиз болгондо тери кургап, түлөйт, адамды уйку басат, кыжырдануу, чарчоо пайда болот, эс тутум начарлайт. Тырмак морт болуп, эриндер жарылат, чачтар күңүрт болуп, көп түшөт.

Витамин жетишсиздиги сапатсыз тамак-аш менен узак убакыт тамактануудан, алган витаминди начар сиңирүүдөн же ичегиде микроорганизмдердин аз синтезделишинен улам келип чыгат. Негизинен витаминдер иммундук системанын жакшы иштеши үчүн зарыл. Витаминди биз тамак-аштан гана ала алабыз. Ал үчүн адам баласы тамактанууда дайыма балансты сакташы керек. Сөзсүз түрдө жашылча-жемиш, эт, сүт жана дан азыктары болушу керек.

Эӊ негизгиси, рафинаддалбаган тамак-ашка басым жасоо шарт. Тамак жасоодо кулинардык эрежелерди сактоо сунушталат. Азык-түлүктү өтө көпкө кайнатуу, ашыкча кууруп жиберүү андагы витаминдерди жок кылат. Кышында жаңы мөмө-жемишти жана жашылчаларды азыраак жегенден улам өзгөчө жазында авитаминоз байкалат.

Диетологдор кышкысын күн кыска жана рациондо витаминдүү азыктар аз болгондуктан жаздын келиши менен адамдын организми алсызданып каларын айтып келишет. Организм алсыздык, чарчагандык менен күрөшүүсү үчүн көбүрөөк таза абага чыгып, керектүү витаминдерди ичүү керектигин белгилешет.

647