7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Аспеков боюнча: Шылуундарга жооп беришти ашыкча деп ойлойм

411

Президент Садыр Жапаров «Кабарга» берген маегинде камактагы жаран Мелис Аспековдун катына комментарий берди.

«Андай шылуундарга жооп беришти ашыкча деп ойлойм. Былжырак жалганчылар үчүн жооп бергенге убактым да жок», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, мындан бир нече күн мурун социалдык тармакта Мелис Аспековдун каты жарыяланган. Анда ал октябрь окуяларында Садыр Жапаров Райым Матраимовдон 3 млн АКШ долларын алгандыгын жазган.

Эске сала кетсек, ушул жылдын мартында Мелис Аспеков Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (Кылмышка даярдык көрүү) жана 278-беренеси (Массалык баш аламандыктар) менен күнөөлүү деп табылып, жети жылга эркинен ажыратылды.

Белгилей кетсек, бул ага карата ачылган биринчи кылмыш иши эмес. 2021-жылдын январында УКМК «Кыргыз темир жолу» УК мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылган деп жарандык активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураевди кармаган.

Бир жылдан кийин Аспеков жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөй турган болуп 7 жылга эркинен ажыратылган. 2023-жылдын 23-майында президенттин «Соттолгондордун ырайым кылуу» жөнүндөгү жарлыгынын негизинде колониядан чыгарылган.

 

 

 

412