7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте коомдук транспорттун кыймылы убактылуу башка көчөгө багытталды

506

Борбор калаада майрамдык иш-чараларга байланыштуу шаардын борборунда унаа кыймылы жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Жаз майрамы Ноорузду белгилөө учурунда Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин каттаган коомдук транспорт убактылуу Киев көчөсүнө багытталат.

Эске сала кетсек, Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамын белгилөөгө байланыштуу 18-марттан 23-мартка караган түнү саат 00:00гө чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү, ошондой эле Раззаков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин жана Орозбеков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин жабылды.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жол кыймылынын катышуучулары бул аргасыз чаранын киргизилишин түшүнүү менен кабыл алат деп үмүттөнөт.

507