7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шакиев Билим берүү министрлигин бөлүп, эки министрлик түзүүнү сунуштады

453

Бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуттук илимдер академиясына барып, Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун, ошондой эле академик А.А.Алтымышбаев атындагы Философия институтунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Андан соң Улуттук илимдер академиясынын жалпы жамааты менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту.

Улуттук илимдер академиясын реформалоо үчүн тармакты тейлеген министрликке өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин айтты.

«Билим берүү жана илим министрлиги бала бакчадан баштап, мектептерди, кесиптик лицейлерди, жогорку окуу жайларын, Улуттук илимдер академиясын жана башка билим берүү, илим изилдөө мекемелерин тейлейт. Бирок бирине жетишсе, бирине жетишпей, ири реформаларды ишке ашыра албай келет. Андыктан, бала бакча менен мектептерди өзүнчө, ал эми жогорку окуу жайлары менен илим изилдөө тармагын өзүнчө тейлеген эки министрлик түзүү зарыл деп эсептейм», – деп кошумчалады.

 

 

 

454