7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбек лидери: Кыргыз элине тынчтык, бейпилдик жана туруктуу гүлдөп-өнүгүү каалайм

511

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев башка өлкөлөрдүн лидерлеринин ичинен биринчилерден болуп Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Табияттын ойгонгон мезгили жана жазгы жаңылануунун символу болгон “Навруз” майрамынын келиши менен Сизди жана дос кыргыз элин чын дилимден куттуктайм.

“Навруздун” асыл маңызы боордош элдерибиздин миңдеген жылдар бою мамилелеринде айкын көрүнүп турат жана бүгүнкү өзгөчө майрам жүрөгүбүзгө кайрадан чексиз көрк берип турат.

Акыркы жылдары Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда ынак коңшулук, өз ара урматтоо жана ишеним, ошондой эле бири-бирин колдоо принциптерине негизделген көп пландуу кызматташтык кеңейип баратканы бизди өзгөчө кубандырат.

Алдыдагы жогорку деңгээлдеги жолугушууларыбыздын жана биргелешкен аракеттерибиздин жыйынтыгы боюнча боордош мамлекеттерибиздин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелер мындан ары да өнүгө берээрине ишеним билдирем”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, бейпилдик жана туруктуу гүлдөп-өнүгүү каалады.

512