7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстанда суу ташкындан миңдеген адам эвакуацияланды. Абал курч бойдон калууда

532

Казакстандын он облусунда суу ташкыны болду. Миңдеген тургундар эвакуацияланып, өзгөчө кырдаал жарыяланды. Кээ бир облустарда абал оор. Жүздөгөн үйдү, короо-жайды суу каптап, мал-жандыктар кырылган.

“7 783 адам эвакуцияланып, анын 2800ү балдар. Убактылуу жайгаштыруу пунктуларына 3 131 киши жеткирилген. Куткаруу иштерине 6000 адам тартылган. Алар 3000 техника жана 12 тик учак менен иш алып барууда. Республикалык штаб суу каптаган Актөбө, Акмоло, Костанай, Батыш-Казакстан, Түндүк-Казакстан жана Павлодар облустарын көзөмөлгө алган”,- деп жазды Sputnik Казакстан өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянып.

ӨКМ жана жергиликтүү аткаруу органдары суу ташкындаган аймактардан 3,5 миллион куб метр суу сордурган.

Эскерте кетсек, 28-мартта жаратылыш кырсыгына байланыштуу Костанай облусунун үч районуна, 29-мартта Абай облусундагы Аксаут районуна, Актөбө облусуна өзгөчө кырдаал киргизилген. Кийинчерээк мындай кырдаал Кылшакты дарыясындагы суунун деңгээли кескин көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу Көкшөтоодо да кабыл алынган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев айрым региондордогу ташкынга байланыштуу 30-мартта ыкчам кеңешме өткөрдү. Анда жергиликтүү бийлик башчыларын, өкмөттү сынга алды. Ал Казакстан элинен кечирим сурап, бардык жабыркагандарга акчалай жардам убада кылган.

 

533