7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Фахреттин Алтун: Түркияда жергиликтүү шайлоолор — демократия жолундагы маанилүү этап

345

Таза, ачык-айкын жана туруктуу өткөрүлүүчү шайлоолор — заманбап демократиянын эң негизги элементи. Демократиялык мамлекеттердин маанилүү талабы – башкаруучулар өздөрүнүн ыйгарым укуктарын шайлоочулардан алышы. Бул ыйгарым укуктар улам кезектеги шайлоолор аркылуу жаңыланат. Калк шайлоо аркылуу башкаруучулардын саясатын жана ишмердүүлүгүн баалап, аларга оң же терс добушун берет.

Түркия 1946-жылы көп партиялуу системага өткөрүлгөндөн бери туруктуу, таза жана ачык шайлоолор өткөрүлгөн өлкөлөрдүн бири болуп келет. Түркияда шайлоолор Жогорку шайлоо кеңеши (YSK) аркылуу көз карандысыз соттордун көзөмөлүндө өткөрүлөт. Ошондуктан Түркияда шайлоо коопсуздугун жана жарандардын урнага болгон ишенимин камсыз кылган саясий маданият өнүккөн.

Түркиядагы шайлоого жана урналарга болгон ишенимди шайлоого катышуу көрсөткүчтөрүнөн байкоого болот. Түркия 2023-жылдын 14-майында өткөрүлгөн президенттик жана парламенттик шайлоолор менен Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмуна (OECD) кирген өлкөлөрдүн ичинен шайлоого катышуу көрсөткүчү боюнча эң алдыңкы үчүнчү өлкө болду. Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин (YSK) маалыматы боюнча, 14-майдагы шайлоого катышуу көрсөткүчү 88,92% болсо, 28-майда өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда бул көрсөткүч 85,72%ды түздү. OECD менен Эл аралык Демократия жана Шайлоого Жардам Институтунун (IDEA) маалыматына караганда Түркия 14-майдагы шайлоого катышуу көрсөткүчү менен АКШ, Франция, Германия жана Улуу Британия сыяктуу көптөгөн батыштык OECD мүчөлөрүн артта калтырды. Бул маалыматтардын дагы бир таң калыштуу тарабы Түркиядагы шайлоого катышуу көрсөткүчү Швеция, Дания, Жаңы Зеландия, Исландия, Нидерландия жана Норвегия сыяктуу шайлоого 80 пайыздын тегерегинде катышкан өлкөлөрдүкүнөн да жогору болду.

Түркияда 31-март жекшемби күнү жергиликтүү бийликтердин жалпы шайлоосу өтөт. Түркиянын демократиялык баалуулуктарга берилгендигин жана жергиликтүү өз алдынча башкарууларга болгон инновациялык көз карашын көрсөткөн 31-марттагы жергиликтүү шайлоо улуттук жана эл аралык аренада чоң мааниге ээ. Ошол эле учурда шайлоо процессинде коопсуз жана адилеттүү шарттарда жүргүзүлгөн кампаниялар Түркиянын жергиликтүү органдарга өзгөчө маани берген, демократиялык жактан жетилген алдыңкы өлкөлөрдүн бири экендигин көрсөтүп турат.

Элдин муктаждыктарын жана суроо-талаптарын канааттандырууда эң биринчи тирөөч болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көз карашынын замандын шартына ылайык болушуна өзгөчө маани берерибизди билдиргим келет. Бул процесс элдин демократиялык катышуусу менен жергиликтүү башкаруу органдарынын байланышын чыңдоодо негизги ролго ээ экендиги талашсыз.

Биздеги муниципалитеттик түшүнүктүн өзгөчөлүгү — бул адамдардын жашоо сапатын жогорулатууну, ачык-айкындуулукту, жоопкерчиликти, эң негизгиси туруктуу өнүгүү долбоорлору менен бирге жарандарга биринчи орунга койгон башкаруу системасын курууну көздөгөндүгүндө. Бул көз караштын биринчи кадамы жана конкреттүү мисалы 1994-жылдагы жергиликтүү шайлоолордун жыйынтыгы менен Стамбул шаардык мэриясын башкаруу милдетин алган президентибиз Режеп Тайип Эрдогандын жетекчилигинде Түркия, муниципалдык башкаруу тармагында элдин жашоо сапатын жогорулатууга карай маанилүү кадамдарды таштады. Мындан 30 жыл мурда президентибиз тарабынан жолго коюлган кызмат көрсөтүү саясатын жана көз карашын улантуу биздин муниципалитеттердин негизги саясий көз карашын түзөт. Мындан улам, алдыдагы жергиликтүү шайлоолор аркылуу аталган көз карашты жана кызмат көрсөтүү түшүнүгүн сактоо улуттук жана эл аралык аренада демократиялык баалуулуктарды жана коомдук бүтүндүктү дагы да бекемдейт деп ишенебиз.

2024-жылдын 31-мартындагы жергиликтүү шайлоолорду Түркиянын демократия жолундагы маанилүү этап катары эсептейбиз. Бул шайлоону Түркиянын аймактык лидерлик көз карашын күчтөндүрүүдөгү дагы бир кадамы деп ойлойбуз жана өлкөбүздүн демократиялык жетилгендигин жана социалдык катышуусун арттырган маанилүү бир иш-чара катары кабыл алабыз. Мындан тышкары, мурунку бардык шайлоолор сыяктуу бул шайлоолор да түрк калкынын демократиялык процесстерге дагы да жигердүү катышуусуна шарт жана биздин демократиянын чыңдалышына салым кошот.

31-марттагы шайлоонун дагы бир маанилүү жагдайы бул шайлоолордон кийин 4 жылдын ичинде жаңы шайлоо өткөрүлбөйт. Түркия бул 4 жылда президентибиз Режеп Тайип Эрдогандын жетекчилигинде башталган өнүгүү демилгелерин токтосуз уланта берет. Акыркы жылдарда байланыш, дипломатия, экономикалык өнүгүү, инфраструктуралык инвестиция сыяктуу ар кыл тармакта көрсөтүлгөн кызматтар уланат. Мындан тышкары Түрк кылымын жаңы, жарандык конституция менен баштоо максаты алдыдагы 4 жылдын эң маанилүү идеалы жана күн тартиби болот.

Түркия бул көз караштын алкагында демократиялык стандарттарын көтөргөн, кирешесин жана жыргалчылыгын жогорулаткан аймактык жана глобалдык орунга ээ болуу талабы менен Түрк кылымын куруу үчүн аракет кылат. Түрк дүйнөсүндөгү аймактык кызматташтыкты жана өнөктөштүктү арттырып, Түрк кылымынын түрктөрдүн кылымы болушун камсыз кылуу бул мезгилде дагы приоритеттүү багыттарыбыз болуп кала берет. Түрк мамлекеттери уюмунун түрк дүйнөсүнүн көйгөйлөрүнө туруктуу чечим табуу жана таасир этүү — биздин эң негизги саясий урааныбыз. Мындан тышкары, дос жана боордош түрк дүйнөсүнөн Түркиянын саясий сезимталдуулугун эске алып, өзгөчө ФЕТО жана ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдар менен күрөшүүнү күтөбүз.

Түркия 31-марттагы шайлоону ийгиликтүү өткөрүү менендемократиялык маданиятын айгинелейт жана Стамбул, Анкара баш болгон шаарларды, бардык облустарды Түрк кылымына даярдайт. Улуттук өнүгүү, 6-февралдагы жер титирөөдөн жабыркаган шаарлардын жандануусу жана курулушу, Стамбул сыяктуу жер титирөө коркунучу жогору болгон шаарлардын туруктуу шаарга айлантуу шайлоодон кийинки эң маанилүү багытыбыз болот.

Түркия ушул убакка чейин болуп келгендей эле мындан ары да шайлоолорун демократиялык жол-жоболор алкагында өткөрөт, бийлик же оппозиция экенине карабай урналардын жыйынтыгына урмат көрсөтөт жана эң негизгиси эл аралык аренада стабилдүү күч катары Түрк кылымын курууну улантат. Андыктан 31-марттагы жергиликтүү шайлоолордуички жана тышкы динамиканы эске алуу менен Түркиянын келечегине он жылдыгына таасир этүүгө багытталган шайлоо деп айтууга болот.

Фахреттин Алтун – Түркиянын президентинин Коммуникация башкармалыгынын директору.

346