7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат: Элдин арасынан саткындар чыгат экен, алардын бири Бейшеналиев

461

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев сотко бергенин айтып, аны саткын деп атады.

«Элдин арасынан, команданын ичинен саткындар чыгат экен, анын бири Алымкадыр Бейшеналиев. Мен өткөндө эле анын уюшкан кылмыштуу топко түз байланышы бар экенин айткам. Мен ар бир сөзүмдү далилдеп жүргөн жигитмин. Ал мени уялбастан сотко берди. «Мен Гиппократтын антын бергем, ким болсо да операция жасайм» деди. Ар бир адам билет, жол кырсык, кылмыш милицияга каттоого алынышы керек. Министрлик кабар бериши керек. А бул үйүнө бекитип, көрүнгөн жерде операция жасап жүргөн. Ал Гиппократтын анты үчүн эмес, АКШнын акчасы үчүн жасап жүргөн. Элдин башын айландырбасын. 47-колония менен медициналык академиянын ортосунда келишим бар болчу деп айтты. Мен суроо жөнөттүм. Эч кандай келишим болгон эмес. Жалганды башка жакка барып айтсын. Андан кийин, маркум «Дөө Чыңгыз» деген болгон. «Дөө Чыңгыздын» балдарынын бири, азыр министрдин оң колу, кеңешчиси болуп отурган жигит бар. Бул жигит өмүрүндө мамлекеттик кызматта иштеген эмес. Болгону тиш техниги. Бул «кара» иштерин ушул жигит аркылуу бүтүрөт. Чоң дайындоодо ушул жигит аркылуу акча алынып турат. Кызматка 50 миң доллар сураган. Мен акча сурагандардын баарын алып келип койдум», — деди ал.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

462