5-апрелде республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Баткенде +17…+22, Талас аймагында +15…+20, Ош жана Жалал-Абад облустарында +18…+23, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +10…+15 градус жылуу болот.
Бишкекте +20…+22, Ош шаарында +21…+23 градуска чейин көтөрүлөт.