7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте окуучулар көчөт отургузушту

643

Бишкек шаарындагы №40, 55, 59 мектептеринин окуучулары жана Р.Санатбаева атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары «Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын жана «Бир адам-бир көчөт» акциясынын алкагында ишембиликке катышты.


Иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин директору Жоомарт Шамканов жана мектеп жетекчилери катышты.

70 көчөт отургузулуп, Муромский көчөсүндөгү сквердин аймагы тазаланды.

Белгилей кетсек, иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти уюштурду.

Көчөттөр отургузулгандан кийин спорттук мелдештер уюштурулуп, жеңүүчүлөр медалдар менен сыйланышты.

 

644