7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте унаа уурдап качкан кыз кармалды

547

Бишкекте Тойота Харриер унаасын уурдап качкан кыз кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык,бүгүн саат 8:45 чамасында Бишкектин кең Чүй көчөсүндө жайгашкан ЖЭБдин (ТЭЦ) алдында токтоп турган Тойота Харриер үлгүсүндөгү унааны белгисиз жарандар айдап кетти деген маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын аймагында “Тосмо” иш-мерчеми киргизилип, ыкчам издөө иш-аракеттери жүргүзүлүп, кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган О.Ж. аттуу айдоочу кыз мас абалында унааны айдап бара жаткан жеринен кармалган.

Учурда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Свердлов райондук ИИБнин Тергөө кызматына жеткирилди.

548