Бишкектеги Власов 59 көчөсүндө жайгашкан мыйзамсыз курулуш Биринчи Май райондук соттун чечимине ылайык буздурулду.
Ага мамкурулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев катышып, курулушта бир катар мыйзам бузуулар катталгандыгын айтты.
Ошондой эле, ал эки кабаттуу имараттын ээси Дастан Жээнбеков менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мыйзамдуу түрдө башынан курулушту баштаса, жардамын көрсөтөөрүн айтты.
Белгилей кетсек, мыйзамсыз курулган эки кабаттуу имарат тигүү цехи жана жумушчулар үчүн жатакана болмок.