Валентина Шевченко UFC уюмунан алган жети чемпиондук куру менен түшкөн сүрөттөрүн соцтармактагы баракчасына жүктөдү.
«Ар бир мелдеште титул коргоп утуп алган курларым. Эми анын баары үйүмдө», — деп жазган ал.
Былтыр Шевченко Алекса Грассо менен беттеште сегизинчи чемпиондук наамын коргой албай калган. Кийин ошол эле мушкер менен реванш болуп, экөө тең чыккан.
Белгилей кетсек, мындай мүмкүнчүлүк кыргызстандык мушкерге гана берилген. Адатта уюмдун башка спортчулары улам жаңы кур тагынышпайт. Эреже боюнча бир эле кур берилет, болгону жеңишти камсыздаган сайын ошол эле курга бирден баалуу таш тагылып турат.