7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Боордош казак элине жөнөтүлгөн жардам 4 облуска бөлүндү

399

Казакстандын Актөбө шаарына түнөккө калган «Жардам кербени» 9-апрелде төрт облуска багытталды. Кечээ Казакстандын сааты менен 22:15те келген кербенди жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн губернатордун орун басары тосуп алып, кыргыз куткаруучуларына ыраазычылык катын тапшырды.

Ошондой эле ал бир тууган кыргыз эли жардамга алгачкылардан кол сунганын билдирип, эки элдин бир туугандыгы, ынтымагы далилделери, мындан ары да коңшулаш мамиле бекемдерин билдирди.

Мындан соң КР ӨКМ орун басары, полковник Урматбек Шамырканов жана Актөбе облусунун губернаторунун орун басары Г.Елеулов жергиликтүү ЖМК өкүлдөрүнө биргеликте билдирүү жасашты.

Суу каптоодон жабыркаган элге багытталган жардам Казакстандын аймагында Жамбул – Түркестан – Кызылорда – Актөбө облустарында аба ырайынын ар кандай шарттарына карабай, күн-түн жол жүргөн кербен 4 облуска бөлүндү. Атай кетсек, Костанай облусуна 3, Актөбө облусуна 4, Орал (Уральск) облусуна 4, Атырау облусуна 4 жардам унаалары багыт алды.

Ал эми 8-апрелде Костанай облусуна жөнөтүлгөн жардам кербени түнкү саат 1:30да жеткен. Учурда Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана ИИМдин жол коопсуздук өкүлдөрү коштоп жүрүүдө. Жалпысынан кербен курамында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 куткаруучусу жана 17 айдоочу 15 фура менен 300 тонна жүк барды.

400