7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Күчтүү кадрлар жетишпей жатат

463

Күчтүү кадрлар жетишпей жатат. Сынчылар көп, колдорунан иш келбейт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Өлкө башчы «Мекенчил» партиясынын өкүлдөрү кармалганы боюнча суроого комментарий берип жатып, мамлекеттик кызматкерлердин кимиси кандай иштеп жатканы ага даана көрүнүп турганына токтолгон.

«Эгер кимде-ким мыйзамсыз иштерге барса, бирөөдөн шантаж кылып акча дооласа, коррупцияга аралашса «мекенчил» эмес, ким болсо да жоопко тартылат. Мекенчил болсоң чын жүрөктөн мекенчил бол. Мамлекет үчүн мекенчил бол. Мен мекенчилмин деп бирөөгө милдет кылба. Чыныгы мекенчилдер кыйкырбай эле, милдет кылбай эле мекенчил болуп жүрүшөт. Алардын баарын билем, тааныйм, бийик баалайм. Шантажчылар мурдатан эле “Президентке жамандап кызматтан алдыртабыз” деп шантаж кылып акча алып жүрүшкөнүн билип, эки тарапты тең чакырып, эскерткемин: «Мамлекеттик кызматкерлердин кимиси кандай иштеп жатканы мага даана көрүнүп турат. Мурдакы заман жок. Бирөө мамлекеттин акчасынан бир тыйын уурдай албайт. Мейли мурда ким болбосун, кайсы партия менен шайлоого барбасын бөлбөймүн. Азыр күчтүү кадрлар жетишпей жатат. Сынчылар көп, колдорунан иш келбейт. Алардын баарын көрдүм»,- деген Садыр Жапаров. 

Ал эл, мамлекет үчүн күн-түн дебей кара жанын карч уруп иштеп берген кызматкерлерди колдой турганын белгилеген.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекте бейбаштык кылган алты киши кармалып, алар «Мекенчил» партиясынын өкүлдөрү экени соц.тармакта кызуу талкуу жараткан.

464