Бүгүн күндүз көпчүлүк аймактарда күн күркүрөп, тоолуу райондорго кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +22…+27, Ысык-Көлдө +14…+19 жана Нарын жергесинде +16…+21 градус жылуу болот.
Ал эми, Ош калаасында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы Бишкекте +20…+22, Ошто +25…+27 градуска жетет.