7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Жалал-Абадда көп кабаттуу ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышты

474

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан жүргүзүлүп жаткан Жалал-Абад шаарындагы турак-жай комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Курулуш иштери 1.6 гектар жерде жүргүзүлүүдө. Батирлердин саны 639, жалпы аянты 34 500 чарчы метрди түзөт. Турак-жай комплексинде балдар аянтчасы жана унаа токтотуучу жайлары каралган. 

Садыр Жапаров муктаждарга жеңилдетилген пайыз менен ипотекалык батирлерди берүү үчүн мамлекет мындан ары социалдык турак жайлардын курулушун көбөйтө турганын баса белгиледи. Бул максатта республика боюнча Мамлекеттик ипотекалык компаниянын линиясы аркылуу көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталат. 

Президент Жалал-Абад шаарында турак-жай комплексинин курулушунун жүрүшүн канааттануу менен белгилеп, курулуш нормаларын так сактоо жана сапаттуу материалдарды колдонуу керектигин эскертти.

475