Кыргызстандын футзал боюнча Улуттук курамасынын катышуусунда Бангкок (Таиланд) шаарында кечээ, 17-апрелде Азия Кубогу старт алды. Курамабыздын биринчи беттеши бүгүн, Жапонияга каршы өтөт.
Эске салсак, курамабыз Япония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен «С» тайпасында жайгашкан.
«С» тайпасынын жүгүртмөсү:
18-апрель ✔️
13:00 Тажикстан — Түштүк Корея (Бангкок Арена)
17:00 Жапония-Кыргызстан (Бангкок Арена)
20-апрель ✔️
13:00 Кыргызстан-Тажикстан (Бангкок Арена)
17:00 Түштүк Корея-Жапония (Бангкок Арена)
22-апрель ✔️
17:00 Түштүк Корея — Кыргызстан (Хуамарк)
17:00 Жапония-Тажикстан (Бангкок Арена)
Улуттук кураманын катышуусундагы оюндардын түз алып берүүсү УТРК Спорт жеткиликтүү болот.