7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ казакстандык кесиптештерине гумжардам жөнөттү

414

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги суу ташкынынан жабыркаган казакстандык кесиптештерине 50 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

Гумжардамдын ичинде:

  • дары-дармектер
  • желим өтүктөр
  • дизелдик жана электр генераторлор
  • үйлөмө кайыктар
  • чатырлар
  • матрацтар
  • тамак-аш
  • жууркандар, жаздыктар жана шейшептер бар.

«Казакстан менен кызматташтыгыбыз узак тарыхка ээ жана мындай учурда бири-бирибизге колдоо көрсөтүү маанилүү. Бул көрсөтүлгөн гуманитардык жардам табигый кырсыктан жабыркагандарга жеңилдик алып келип, жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз», – деп министрликтен белгилешти.

415