«Кыргыз тили» гезитинин баш редактору Дүйшөн Керимов: СССРге кирген 15 советтик жумурияттын ичинен Кыргызстан биринчилерден болуп 1989-жылы мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алган. Бирок андан кийин кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча жетиштүү аракеттер көрүлбөй келген, былтыр гана ал мыйзам жаңыланып, ага президент кол койду, ошондуктан эми иштер илгерилейт деген үмүт бар.
Бирок кыргыз тилин жоготуп албас үчүн жөн гана расми чечимдер же жогору жактан көрсөтмөлөр гана эмес, ар бир кыргыз жаранынын намысы ойгонуп, ар ким өз деңгээлинде тилди сыйлап-коргоп, тийиштүү чараларды көрүп, балдар-неберелерине үйрөтүп, аны жайылтууга керектүү шарт түзүш керек. Тилекке каршы, акыркы мезгилде кыргыз тилинде сүйлөгөңдөр ар башка бөтөн кошумчаларды киргизип, ар ким өзү билгендей жазып, эне тилге карата кайдыгерлик күчөп бараткандай…