7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК чиновник менен бизнесменди кармады

568

Битумду жогорулатылган баада сатып алуу фактысы боюнча «БАС» муниципалдык ишканасынын кызмат адамы жана жеткирүүчү фирманын директору кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Жогорудагы ишкананын кызматкерлери битум жеткирүүнү ишке ашырган чарба жүргүзүүчү субъект менен тил табышып, материалды жогорулатылган баада сатып алышкан.

«Бишкекасфальтсервис» МИнин кызмат адамдары 2023- жылдын июнь айында «П» ЖЧКсы менен келишим түзүшүп, бардык коммерциялык сунуштардын ичинен битумду жеткирүүгө эң жогорку бааны, тагыраагы 1 тоннага– 46 миң сом, ал эми 1 миң тоннага 46 млн.сом деп жарыялашкан. Ушул сыяктуу үлгүдөгү битумдун орточо базар наркы 1 тоннасы, бажы алымы жок– 31 071,72 сомдун тегереги, ал эми бажы алымы менен 33 138,81 сомду түзөт. «П» ЖЧКсы ушул күнгө чейин «Бишкекасфальтсервис» МИге 1000,63 тоннадан ашык көлөмдө, 45 млн.928 миң 917 сом суммасында битум жеткирген.

Соттук-бухгалтердик экспертизанын жыйынтыгында битумду жогорулатылган баада сатып алуудан келтирилген зыян 12 млн.769 миң сомду түздү. Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүү катары «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын башкы инженери жана «П» ЖЧКсынын директору кармалып, Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесине киргизилди.

Учурда Бишкек шаарынын жолдорун жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктү капиталдык оңдоп-түзөө иштерин сапатсыз жана өз убагында жүргүзбөгөн подрядчиктерге карата тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

569