7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Суудагы салыкчы 100 миң сом пара берип жатканда кармалды

215

Кара-Суу райондук салык кызматынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

УКМКга Мамлекеттик салык кызматынын Кара-суу району боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын аймагына 9 даана автоунааны ташып келүүдө пайда болгон болжолдуу 650 миң сом салык карызын жашыргандыгы үчүн, 100 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча ишкер кайрылган.

Акча каражатын Кара-Суу райондук салык кызматынын бөлүм башчысы К.Р.Т. опузалап талап кылгандыгы аныкталды. Ал 27-апрелде 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып, тергөө абагына киргизилди.

216