7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ишкерлерден 1,2 млн сом талап кылган УКТ мүчөлөрү кармалды

574

Ишкерлерди опузалап 1 млн 200 миң сом акча каражатын алуу учурунда Кыргызстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

«Уюшкан кылмыштуу топ тарабынан опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин жүрүшүндө 29-апрелде ЖЧК өкүлдөрүнөн акча каражаттарын алуу учурунда О.Ч.Э. жана К.М.Т. пара менен кармалды. Алар кылмыштуу бүтүмгө кирип, ЖМКда финансылык мыйзам бузуулар тууралуу видео материалдарды жарыялоо, ошондой эле укук коргоо жана башка көзөмөлдөөчү органдарга кайрылуу жолу аркылуу ишкерлерге шантаж кылып, акча каражатын опузалап алуу боюнча схема уюштурган.

Өздөрүнүн кылмыштуу ниеттерин ишке ашыруу жана ЖЧКнын жетекчилигин акча каражаттарын берүүгө көндүрүү максатында буга чейин президенттин, Башкы прокуратуранын, УКМК, ИИМ жана Мамлекеттик салык кызматынын дарегине компаниянын ар кандай финансылык жана салыктык мыйзам бузуулары жөнүндө бир катар арыздарды жана кайрылууларды жолдошкон.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алардын алдамчылык мүнөздөгү башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

575