7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Майрам күндөрү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт

639

1-майдан 10-майга чейин Бишкек ШИИББнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Алар коомдук тартипти, жарандардын жана коноктордун коопсуздугун камсыздап, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алууда.

Бишкек ШИИББнын жетекчилиги алдыдагы май майрамдарына арналган иш-чараларды өткөрүүдө өздүк курамдын арасында укук бузууларды алдын алуу жана кызматтык тартипти сактоо боюнча милдеттерди койду.

Май майрамдарын белгилөө маалында борбор калаада массалык иш-чаралар уюштурулуп, анда 1 миң 500дөн ашык милиция кызматкерлери түнгө чейин коомдук тартипти, борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун коопсуздугун сактоо үчүн кызмат кылышат.

 

 

640