2-майда көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлөт, күндүз жаан жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,
Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20.
Бишкекте Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +23…+25 градус жылуу болот.