7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Саунада интимдик кызмат көрсөтүүгө шарт түзүп берген администратор кармалды

612

Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери жана Свердлов районунун УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте сойкулукка жана ыпластыкка шектүү жаран аныкталды.

1-майда Бишкекте «Притон-Бабочка» аталышындагы профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө Осмонкул көчөсүндө жайгашкан сауналардын биринде администратор социалдык жоопкерчилиги чектелген кыздарга интимдик кызмат көрсөтүүгө шарт түзүп берилгени аныкталган.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 160-беренесине (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү 1987-жылы туулган Д.И., аттуу жаран аныкталып кармалган. Ал Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

613