7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Путин «Крокустагы» терактыда элди сактап калган Исламга медаль берди

511

«Крокус сити холдо» болгон терактыда элди сактап калган үч өспүрүмгө Россиянын президенти Владимир Путин өлүм алдындагыларды куткарганы үчүн медалын тапшыруу жарлыгын чыгарды.

Сыйлангандардын арасында теги кыргызстандык Ислам Халилов да бар экенин РИА Новости жазып чыкты.

«Чукул кырдаалда элди аман алып калуу үчүн чечкиндүүлүк менен эрдик көрсөткөн Ислам Халилов Өлүм алдындагыларды куткарганы үчүн медалы менен сыйлансын», — деп жазылат документте.

Эскерте кетсек, теракт үстүбүздөгү жылдын 22-мартында кечинде болгон. Имаратка кирип келген бир нече эркек киши адамдарга ок чыгарып, жарылуучу заттарды ыргытып, натыйжада 145 киши өмүрү менен коштошкон. Концерттик залда гардеробдо иштеген окуучулар имарат ичинен 100дөй кишини алып чыгышкан, алардан кийин ошол эле жол менен дагы 200гө чукул киши чыгып аман калган.

512