УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузакта каргашалуу кырсыктан жабыркаган окуучулардын абалынан кабар алып, ата-энелери менен жолугушту.
Камчыбек Ташиев Сузактагы кырсыкта жабыркап, реанимацияда жаткан балдарга президенттин фондунан 200 миң сомдон, жеңил жаракат алгандарга 50 миң сомдон акчалай жардам бөлүнгөнүн билдирди.
Аталган кырсыкта 9-16 жаштагы 34 бала жабыркаган. 20 бала ооруканаларда, алардын ичинен бешөө реанимацияда жатат.
Дагы 14 бала амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.