7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда 10 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлүүдө

422

Аксы районуна караштуу Жүзүмжан айылында эски жер көчкү активдешкени байкалууда. Буга байланыштуу учурда кооптуу аймакта жашаган 10 үй-бүлө убактылуу коопсуз жайга көчүрүлүүдө.

Учурда жеринде ӨКМдин жана райондук Жарандык коргоо кызматынын кызматкерлери иш алып барууда.

Ал эми үй-бүлөлөрдү коопсуз жайга көчүрүү үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тартылып, көчүрүү комиссиясы тарабынан автоунаалар бөлүнүп, коопсуз аймакка чыгарылууда.

Жалал-Абад облусунун аймагындагы жер көчүү мүмкүн болгон кооптуу аймактарда 1 миңден ашуун үй-бүлө жашайт.

ӨКМ тарабынан жыл сайын жаз-жай мезгилдеринде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тургундарга эскертүү баракчалары таратылат.

423