7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акыркы коңгуроодо акча чогулткандар жоопкерчиликке тартылат

552

Мектептерде акыркы коңгуроо, бүтүрүү кечелерине акча чогулткандар жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров «Биринчи радиого» берген маегинде айтты.

«Бир дагы мектепте акча чогултуу болбосун деген президенттин жарлыгы бар. Акыркы коңгуроо, бүтүрүү кечесине шылтоолоп акча чогултуп, эс алабыз, тоого барабыз дегендердин баарына тыюу салынган. «Балдарды алып барсаңар жоопкерчиликке тартыласыңар» деп мектеп жетекчилигине, ата-энелерге эскертип жатабыз. Түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Айрым мектептерде акча чогултуу болуп атыптыр. Кайсы мектеп боюнча маалымат түшсө, дароо жетекчилигине чалып токтотууга аракеттер көрүлүүдө», — деди ал. 

Жапаров бүтүрүү кечелерине акча чогултуу, кече уюштуруу сыяктуу учурлар болсо, министрликтин ишеним телефонуна (62 05 19) чалып коюуну өтүндү.

 

 

 

553