7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айсулуу Тыныбекова убактылуу интернет айдыңынан алыс болууну туура көрдү

800

Айсулуу Тыныбекова убактылуу интернет айдыңынан алыс болууну туура көрдү. Бул тууралуу мушкер айым өзүнүн Instagram баракчасына жазып, элге кайрылуу жасады.

Ал учурда Токиодо өтө турчу олимпиадага кызуу даярданып жатат.

«Урматтуу достор! Амансыздарбы? Менде болсо баары жакшы! Бул жыл мен үчүн абдан маанилүү. Себеби алдыда Токиодо өтө турчу Олимп оюндары улам барган сайын жакындап келе жатат. Машыгуу процесстери улам күчөп, жоопкерчилик артып жатат. Бизге талап катуу, тартип биринчи орунда. Мындан улам, социалдык тармактардан алысыраак болууга туура келип жатат. Азыр убактымды машыгууларга арнасам туура болот деп эсептейм. Менин чечимимди колдойсуздар деп ойлойм. Ушул себептен дос, туугандардан келип түшкөн каттарга, чакырууларга жооп бербесем кечирим сурайм. Убактылуу аккаунттарымды токтото турам. Элибизде тынчтык болсун! Рахмат!», — деп жазган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

801