7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет элдиктер менен болгон мушташтан кийинки башаламандык…

625

17-майда Бишкекте Чүй проспектиси менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишине 100дөн ашык адам чогулуп, андан соң Курманжан Датка Чүй кесилишинде миңге чукул адам топтолгон.

Буга чейин борбордогу мейманкананын алдында чет элдиктердин катышуусунда мушташ болгон. Түнү жатаканага 100дөн ашык адам келген. Алар өч алуу үчүн топтолушу мүмкүн.
Жеринде аларды милиция күтүп турган. Укук коргоо кызматкерлери кээ бир агрессивдүү эркектерди кармап, топтолгондорду жатаканадан сүрүп чыгарууга жетишкен.

Ал арада милиция бир нече күн мурун мушташка катышкан үч чет элдик кармалганын айткан.

Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, кайгуулдар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүлдү.

Мушташка катышкан чет элдик үч жаран кыргыз элинен кечирим сурап, жоопкерчиликтен качпай турганын айтышты.

Аларга карата “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

626