7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эркек кишини «Сүрөтүңдү таратам» деп коркутуп, 200 миң сом талап кылган

435

Бишкекте компроматтарды таратуу менен шантаж кылып, ири өлчөмдөгү акча талап кылып жүргөн борбор калаанын тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирет.

Биринчи май РИИБге жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда, арыздануучунун жеке сүрөттөрүн ачыкка чыгарабыз деп коркутуп, 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкандыгын билдирген.

Бул факты боюнча «опузалап талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. 2005-жылы Жалал-Абад облусунда туулган А.Д. аттуу кылмышка шектүү жаран 12 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап алып жаткан жеринен кармалган.

Ал тергөө кызматына жеткирилип, учурда башка шектүүлөрдү аныктоо чаралар көрүлүүдө.

 

436