7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте “Тазалыктын” кызматкерин сүзүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө

567

Бүгүн, 8-июнь күнү таңкы саат 04:40 чамасында Бишкек шаарынын Москва менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз айдоочу белгисиз унаада «Тазалык» ишканасынын кызматкери 1960-жылы туулган аялды сүзүп, унаа окуя болгон жерден качып кеткен.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан ак түстөгү «Daewoo Nexia» унаасы шектелип жатканын маалымдашты. Кырсыктын кесепетинин натыйжасында жөө жүргүнчү оор жаракаты менен ооруканага жеткирилген. Бишкек шаарында «Перехват» планын киргизип, издөө иштери жүрүүдө.

Бул окуяга күбөө болгон жарандар, ыкчам 102 кызматына же 0312530181, 0509102122 байланыш телефондоруна маалымдасаңыз болот.

 

568