7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кенитиро Фумита: “Кыргыз балбанын көргөндөн кийин күрөш эмне экенин түшүндүм»

689

Белгилүү япон балбаны Кенитиро Фумита 29 жашта, дүйнөнүн 2 жолку жана Азиянын чемпиону. Өткөн жылы (2023) ал дүйнөлүк чемпионатта кыргыздын белгилүү балбаны Жоламан Шаршенбековго жеңилди. Жоламан дүйнөнүн 2 жолку, Азиянын 3 жолку чемпиону, жашы 25те.

Кенитиро Жоламан менен күрөшкөн соң өзгөргөнүн айтып интервью берген. 

«Чынын айтайын, мен Шаршенбеков менен күрөшкөн соң күрөш эмне экенин түшүндүм. Ага чейин атаандаштарды күчкө салып килемдин сыртына түртүп салсам болду дечүмүн. Андай эмес экен. Экөөбүз кез келдик, ал өзгөчө шамдагай, баардык ыкмаларды колдонуп күрөшөт экен. Күрөш мезгилинде өзгөчө рахат алдым. Жеңилип жатсам да аны менен чындап күрөшкүм келди. Мына кыймыл, мына техника. Ойноп күрөшөт экен, жетише да албайсың. Жеңилдим, бирок ыраазы болдум. Эгер күрөш, чыныгы балбан ушундай болсо анда ушинтип күрөшүш керек. Жалаң жеңиш үчүн күрөшчүмүн, көрсө жеңишти эптеп алуу рахат алып келбейт экен да, күрөш дагы чыгармачылык иш экенин түшүндүм. Ал илбирс сымал, берилип күрөшөт. Өзгөрдүм, Жоламан мени өзгөрттү» — дейт Фумита.

“Бар бол, Жоламан. Париж олимпиадасы сага ийгиликтүү болсун. Алтын менен кайт, чемпион бол, илбирс балбан!”,- деп ийгиликтерди каалаган япон балбаны.

690