7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандан 200 тонна гумжардам селден жабыркагандарга келди

555
Бүгүн, 16-июлда Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунан селден жабыркагандар үчүн гуманитардык жардам келди.
Гуманитардык жардамды Андижан облусунун губернатору Шоятбек Абдрахманов алып келип, аны “Достук” чек ара бекетинен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Тышкы иштер министрлигинин жана Өзбекстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү тосуп алышты.
Селден жабыркаган жарандарга келген гуманитардык жардам 13 жүк ташуучу унаа менен жеткирилди. Жалпы 200 тонналык гуманитардык жардам курулуш материалдар, кийим-кечек, гигиеналык каражаттар жана азык-түлүктөрдөн турат.
Шоятбек Абдурахманов “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Жаңы-Маала көчөсүнүн тургундарына барып, суудан жабыркаган 17 үйдү көрүп чыкты.

556