Уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаевге таандык ок атуучу куралдар аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
Көлбаев тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында, 11-июлда «Мыйзамдагы ууруга” тиешелүү делген жайлардын биринде, уюшкан кылмыштуу топтун лидеринин аскердик патрондору бар жеке ок атуучу куралдары табылган.
Учурда УКМК тарабынан Көлбаевге тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.