7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

 Садыр Жапаров Хива шаарындагы тарыхый эстеликтерге барды  

414

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-июлда Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин коштоосунда Хива шаарындагы “Ичан-кала” мамлекеттик тарыхый-архитектуралык музей-коругуна жана “Нуриллабой сарайына” барды.

Президенттер жубайлары менен “ачык асман алдындагы музей” деп аталган “Ичан-кала” комплексине (ички чеп) барышты. Ичан-кала — Борбор Азияда сакталып калган жалгыз эстелик-шаар. Анда 120дан ашык архитектуралык эстеликтер орун алган. “Ичан-Кала” мамлекеттик тарыхый-архитектуралык музей-коругунда 14 стационардык музей бар.

1990-жылы Хива шаары ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилип, 1997-жылы 2500 жылдыгын белгилеген. 2020-жылы шаар Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору, 2024-жылы ислам дүйнөсүнүн туристтик борбору деп жарыяланган.

“Нуриллабой сарайы” музейи XX кылымдын башында курулган. Комплекске медресе, галереялар менен байланышкан 100дөн ашык бөлмө кирет. Негизги бөлмөлөр каминдер, венециялык күзгүлөр жана хрусталь илмектери бар алтын жалатылган коло асма шамдар менен кооздолгон. Бүт комплекс узундугу 650 метрден ашкан бийик дубал менен, Хива мунаралары менен тосулган.

 

415