7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жети күн», Медер Алиев: Минималдык пенсия боюнча биз конституциялык мини-кризиске да кептелгенби

428

2024-жылдын 30-сентябрынан 5-октябрга чейинки окуялар тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев менен маек.

– Президент Садыр Жапаровдун Италияга жасаган визити ийгиликтүү болду, анын алдында Нью-Йоркто өтүп жатан Бириккен улуттардын Жалпы ассамблеясынын сессиясына да катышып эки жолу сөз сүйлөдү. Бул жолу Рим шаарында Италиянын президенти, премьер-министри, Рим папасы менен дагы жолугуп, ийгиликтүү сүйлөшүү жүргүздү. Мага болсо – Бишкек менен Рим мэриялары ортосунда кызматташуу башталганы өтө жакты. 2020-жылы Садыр Жапаров бийликке келгенде – эл аралык мамилелерде аны менен эч ким кызматташпайт деген сын пикирлер таш капты.

– «Унаа» ишканасынын жетекчиси кызматтан алынганы жана анын айланасында пайда болгон маселелер коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Жогорку кызматтагы адамдар коррупцияга малынбастан, таза иштеши үчүн аларга президенттик фонддон кошумча дагы бир топ каражат берилип жатканын мен колдойм, аны менен жетекчилер өз милдетин айланасындагыларга алданбай аткарат деген талапка кандайдыр бир деңгээлде кепилдик түзөт, бирок коом бузулуп, адамдардын напси ушунчалык өсүп кеткен экен, аны оңдоо оңой эмес.

– Пенсиялардын өлчөмү өлкөдөгү керектөөчү минимумдан кем болбоого тийиш деген чечим кабыл алынгандын алдындагы талкууга мен катышкам, бул тууралуу Конституцияга дагы атайын ченем киргизилген, бирок экономикалык абал татаал болгондуктан, бул талапты аткаруу кыйын болуп, өлкө конституциялык мини-кризиске дагы кептелген. Анткен менен, көмүскө экономиканын деңгээли акыркы жылдары кыйла азайтылгандыктан, бул талапты аткаруу азыр мүмкүн болуп жатат жана президент пенсиялар тууралу атайын жарлыкка кол койду…

Жуманын негизги окуялары:

– Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл менен бирге Ватиканда 4-октябрда папа Франциск менен жолугуп, диний эркиндик тууралуу сүйлөшүп, папаны – Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

– Ошол эле 4-октябрда президент Жапаров Ватикандын мамлекеттик катчысы Пьетро Паролин менен жолугуп, Кыргызстан менен Ватикандын улуттук китепканалары ортосундагы кызматташуу тууралуу сүйлөштү.

– Анын алдында, 3-октябрда, Садыр Жапаров Рим шаарында Италиянын премьери Джорджа Мелони, президенти Серджо Маттарелла менен жолугуп, саясий, экономикалык жана маданий тармактагы кызматташуу тууралуу сүйлөштү.

– 3-октябрда Садыр Жапаров Рим шаарында Италия Сенатынын спикери Иньяцио Ла Русса жана депутаттар палатасынын спикери Лоренцо Фонтана менен жолугуп, сүйлөшкөн.

– Рим шаарында Кыргызстан паркы ачылды, Бишкек менен Рим мэриялары ортосунда кызматташуу тууралу Меморандумга кол коюлду.

– Каржы министри Алмаз Бакетаев 30-сентябрда Жогорку кеңеште чыгып сүйлөп, мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу үчүн 8 млрд сом керек деп билдирди.

– Жогорку кеңештин депутаты Самыйкожонун айтымында, Кыргыз-Түрк Манас университетинде анын ички эрежелери Кыргызстан мыйзамдарынан өйдө турат деген көптөгөн арыз түшүүдө.

 

– Президент Жапаров Кабар агенттигине 30-сентябрда интервью берип, жогорку кызматтагы 40 адамга президенттик фонддон ай сайын 2 миң доллардан кошумча төлөп келгенин билдирди.

– Акылбек Жапаров 1-октябрда Ереван шаарында өткөн ЕАЭБдин өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынына жана Евразиялык экономикалык форумга катышып келди. Ереванда ал Орусиянын премьери Мишустин менен дагы өз алдынча жолукту.

– Министрлер кабинети – Көлдөгү 4 пансионатты Өзбекстанга 49 жылга пайдаланууга берүү тууралуу келишимди бекитти, алар – мурда «Бостери» деп аталган «Борбор Азиядагы алтын кум», «Рохат-НБУ», «Дилором» жана «Бустон».

– 3-октябрда Астанада Түрк мамлекеттеринин муфтийлер кеңешинин жыйыны өттү, анын алдында Казакстан менен Кыргызстандын муфтийлери Таганулы менен Закиров жолугушуу өткөрүп, сүйлөштү.

– Статкомдун жүргүзгөн иликтөөсүнүн натыйжасында, Кыргызстандагы эң мыкты 3 ишкана деп «Кумтор голд компани», «Манас» аэропорту жана «Алтынкен» ишканасы табылды.

– Бишкекте Камчы Көлбаевдин колуна өтүп кеткен мурдагы «Октябрдын 40 жылдыгы» тигүү фабрикасынын имаратынын 900 млн сом турган бөлүгү мамлекетке кайтарылды.

– 2024-жылдын мыкты мугалими деп – Ош университети алдындагы лицейдин математика боюнча окутуучусу Назгүл Каныбекова таанылды.

 

– 1-октябрда Карылар күнү белгиленди, анын алдында пенсиялар көтөрүлдү жана эми эң төмөн пенсия – жашоо минимуму – айына 6 миң 900 сомдон кем болбойт.

– Өткөн жекшемби күнү президент Садыр Жапаров Зардалы айылына барып, жергиликтүү эл менен таанышып, айылга жол салына турганын билдирди.

– Мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен Аравандагы пахта иштетүүчү завод мамлекетке кайтарылды, ал ээлеген жер тилкесинин эле баасы 3млрд сомдон ашык экен.

– Орусиянын Челябинск шаарында Кыргызстандын паспортторун басып чыгарып, акчага саткан кылмышкерлер таап-кармалды.

– 2-октябрда УКМК кызматкерлери Бишкек шаардык экинчи милиция бөлүмүнө келип, эки милиция кызматкерин кармап кетти. Алардын кабинети дагы тинтилди.

– Бүгүн Кыргызстан мугалимдери кесиптик майрамын белгилеп жатат. Кечээ күнү болсо Журналисттер бирикмесинин төрагасы болуп Абдыкадыр Султанбаевдин ордуна Илязбек Балташев шайланды.

– Бишкекте 2-октябрда КМШ мамлекеттеринин балдар арасындагы Дельфы оюндарынын финалы өткөрүлдү.

– Жума башында Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ооганстанга 120 тонна гуманитардык жардам жеткирди.

429