7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министр Кендирбаева: Мугалимдерге баардык программа киргизилген ноутбуктарды бекер таратып беребиз

342

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева: Болонья системасына өткөндө, ал реформа бизде жарым-жартылай гана ишке ашырылып калган, мектептер жаңы системага өтпөй калган. Кыргызстандагы азыркы жеке менчик мектептер жаңы система менен окутат, азыр биз баардык кадимки мектептерди ошолордун деңгээлине көтөрөлү деп жатабыз. Айырмасы – жеке менчик мектептерде акы төлөнөт, мамлекеттик мектептерде болсо ошол эле билим бекер берилет.

Мындан 50-60 эле жыл мурда Кыргызстандан кедей жашаган Түштүк Корея же Сингапур сыяктуу мамлекеттер азыр дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттерге айланды, анткени алар өз билим берүү системаларын алдыңкы дүйнөлүк ыкма менен модернизациялаган. Азыр биз ошол Сингапурдун үлгүсү менен билим берүү системабызды жаңылоого кириштик. Кээ бир мектептер мурда ар башка өзгөчө макам алып, башкалардан артык болгонсуп иштеп келген, азыр биз баардык мамлекеттик мектептерди бирдей жана эң жогорку деңгээлге чыгарууну көздөп жатабыз…

343