Ысык-Көл областтык сотунда өспүрүм кызды зордуктагандыгы үчүн айыпталышкан К. уулу Ж., С. уулу Э. жана К.У.га карата жазык иштери каралып, айыптоо өкүмдөрү чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Ысык-Көл облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2021-жылдын 29-мартындагы өкүмү менен айыпталуучу К. уулу Ж. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 (он беш) жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленген. К. уулу Ж. сот залында камакка алынган. Айыпталуучу К. уулу Ж. тен жабырлануучу С.С. пайдасына 100 000 (жүз миң) сом моралдык зыян өндүрүлөрү белгиленген.
Ошондой эле аталган соттук коллегиянын 2021-жылдын 29-мартындагы өкүмү менен айыпталуучу С. уулу Э. Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 (он беш) жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленген. С. уулу Э. сот залында камакка алынган. Айыпталуучу С. уулу Э.дан жабырлануучу С.С. пайдасына 100 000 (жүз миң) сом моралдык зыян өндүрүлөрү белгиленген.
Ал эми Ысык-Көл областтык сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2021-жылдын 29-мартындагы өкүмү менен айыпталуучу К. У. Кыргыз Республикасынын ЖКнин 161-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда, 161-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1,2 -пунктунда каралган кылмыштарды жасагандыгы боюнча күнөөлүү деп табылган.
Кыргыз Республикасынын ЖКнин 161-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча 12 (он эки) жыл 6 (алты) айга, Кыргыз Республикасынын ЖКнин 161-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1,2 — пунктунда каралган кылмыштарды жасагандыгы боюнча 12 (он эки) жыл 6 (алты) айга эркиндигинен ажыратылган.
Кыргыз Республикасынын ЖКнин 161-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде, кылмыштардын жыйындысы боюнча, белгиленген жазаларды толук кошуу менен К. У. биротоло 20 (жыйырма) жылга эркиндигинен ажыратылган. Айыпталуучу К.У.тан жабырлануучу С.С. пайдасына 100 000 (жүз миң) сом моралдык зыян өндүрүлөрү белгиленген.