7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда изделип жаткан кылмыштуу топ Чүйдөн кармалды

514

Чүй облусунун аймагынан уурулукка шектелген топ кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-март күнү Жайыл районунун Сосновка айылындагы стационардык тосмодон кылмышка шектүү жарандар кармалышкан.

«Алар бир нече уурулукка шектелип, Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБи тарабынан изделип жатышкан. Кармалган жарандар жүргөн унаага кароо жүргүзүү учурунда, 50дөн ашык уюлдук телефон жана 70ден ашык Самсунг жана Редми үлгүсүндөгү телефондун бош кутулары алынган.

Шектүү жарандар Жайыл РИИБине жеткирилип, териштирүү учурунда алар Ноокен жана Өзгөн райондорунан бир нече кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталган. Кармалгандар 23, 22, 28, 21 жаштагы жарандар экени белгилүү болду. Учурда тергөө иштери уланууда», — деп билдиришти Чүй ОИИББинен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

515