Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин, Кара-Кулжа районунда 30-мартта саат 23:30 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 48-чакырымында (Чар-Арча тилкеси ) 50 м3 таш түшүп, унаа жол жабылгандыгы тууралуу маалымат тараган. Андан соң жолдун бир тараптуу ачылгандыгы тууралуу билдирүү жасалды.
«Тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 1 жүктөгүч, 1 эксковатор тартылып, саат 10:20да унаа жол бир тараптуу ачылды. Жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет», — деп жазылат анда.