7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек шаарында эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан кыздын жансыз денеси табылды

3238

Бишкек шаарында эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-апрель күнү болжол менен саат 14:30 чамасында Аламүдүн РИИБине Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосунда унаанын салонунда кыз менен эркек кишинин жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн.

«Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып маалыматты тактаганда, Honda Civic үлгүсүндөгү унаа табылган. Белгилей кетсек, аталган унаа кыз уурдоого шектелип изделип жаткан унаа экендиги аныкталган. Унаанын ичинде 1994-жылы туулган К.А. аттуу кыздын жана 1985-жылы туулган Т.З. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Алардын денесине кароо жүргүзгөн учурда кыз зомбулуктан улам каза болгону, ал эми эркек киши бычактан алган жаракаттан улам каза болгону аныкталган. Жергиликтүү тургундар аталган унааны 5-6-апрель күндөрү эле көрүшкөнүн, бирок баткакка тыгылып калды деп маани бербегендерин билдиришкен. 7-апрель күнү келип унааны караганда, унаадан жансыз денелерди көрүп милиция чакыртышканын айтышкан. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Т.З. аттуу жаран кыз менен пикир келишпестиктен улам аны муунтуп өлтүрүп, андан кийин өз өмүрүнө ар кандай бычак жарааттарын келтирип кол салган. Учурда ар тараптуу тергөө иштери жүрүп жатат. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Кошумча маалымат берилет», — деп билдиришти шаардык милициядан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3239