Жалал-Абадда рейдерлик жол менен жер тилкелерин басып алууну уюштурган белгилүү «шылуун» Абдулла Юсупов кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
Шектүү Камчыбек Ташиев жана президент менен тааныштыгым бар деп Сузактагы байлардын жерлерин өз атына жаздырып, жер тилкелерин сатып жиберген.
Буга чейин талап-тоноочулук, курал-жарактарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон 43 жаштагы Юсупов Абдулла эки шериги менен кармалды.
УКМК андан жабыркаган адамдар болсо 0995 012210 (WhatsApp) номерине кабарлап коюуну суранат.