7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дарыгер: «Орозодо ооз ачкан соң дароо муздак суу ичкенге болбойт»

951

Орозодо ооз ачкан соң дароо муздак суу ичкенге болбойт. Мындай пикирди дарыгер Икарбек Айтиев билдирди.
Анын айтымында, муздак суу адам баласынын денесин муздатып, организмге терс таасирин тийгизет.

«Чоң адамдар күнүнө 3 литрден кем эмес суу ичүүсү керек. Чайды, кайнак сууну суу катары эсептеген туура эмес, анткени 100 ° кайнаган суу курамын өзгөртөт. Орозо учурунда көпчүлүгү сууну атайын муздатып, ооз ачар учурунда ичет. Биздин организибизге 36° жылуу болсо, ал эми суунун жылуулугу 2-3 ° болот. Ал биздин денебизди муздатып, зыян келтирет. Ооз ачканда 50-70 ° сууну ичкенибиз жакшыраак.

Адам кечке ачка жүргөндө кан тамырлары ичкерип, кан суюлуп калган болот. Ысык суу барганда кан суюлуп айлануусу тездеп калат. Муздак суу ичкен учурда ашказан дагы муздап, анын таасири жакын жайгашкан башка органдарга да тиет.Ошол учурда биздин кан тамырларыбыз ичкерет», — дейт ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

952